Грузияда миңдеген митингчи парламент имаратын курчоого алды

Тбилисидеги парламент имаратынын маңдайында чогулган митингчилер өкмөткө каршылык көрсөттү.

1308456
Грузияда миңдеген митингчи парламент имаратын курчоого алды

Грузиянын борбор шаары Тбилисиде чогулган миңдеген киши шайлоонун мурунку өкүлчүлүк системасына карата киргизилишин күткөн өзгөртүүлөргө колдоо бербеген бийликтеги "Грузин кыялы" партиясына каршылык көрсөтүү үчүн кечээ митингге чыгышты.

Тбилисидеги парламент имаратынын маңдайында чогулган митингчилер өкмөткө каршылык көрсөттү. Митингчилер өкмөттүн дагы бир жолу элге берген убадасында турбагандыгын ортого салды.

Митингге катышкн оппозиция партияларынын лидерлери да парламенттин кылган иштерин бойкот кылды.

Эрте шайлоонун болушун талап кылган митингчилер бул шайлоонун өкүлчүлүк системасына карата өткөрүлүшүн суранды.

Митингчилер өкмөттүн бир канча ай мурда өлкөдө жалпы шайлоонун эми өкүлчүлүк системасына карата өткөрүлүшү тууралуу убада бергендигин бирок убадасында турбастан элге кыянаттык кылгандыгын жакташты.

Бийликтеги "Грузин кыялы» партиясы бир канча ай мурдаТбилисиде болгон өкмөткө каршы митингдерден кийин шайлоонун мурунку өкүлчүлүк системасына карата өткөрүлүшүн кабыл алган. Бирок партия 14 -ноябрда парламенттеги добуш берүүдө өкүлчүлүк системасына колдоо берген жок. Ушул боюнча коалиция өкмөтүндө орун алган 12 депутат арызын берди.

Өлкөдө «Грузин кыялы» партиясы менен Грузиянын консервативдик партиясынын коалициясы түзүлгөн.

Тбилисиде июнь айында өткөрүлгөн 26 - Ортодокс парламенттер аралык жалпы ассамблеясынын отурумуна Орусия делегациясындагыорус Коммунисттик партиясынын мүчөсү жана Орусия мамлекеттик думасынын депутаты Сергей Гавриловдун парламент спикеринин орундугуна отуруп сөз сүйдөшү менен өлкөдө митингдер башталган.

Көптөгөн жумага созулган митингдерге катышкан митингчилердин талаптарынын бири шайлоо системасынын өзгөртүлүшү Грузия өкмөтү тарабынан кабыл алынган болчу.

«Грузин кыялы» партиясынын лидери Бидзина Иванишвили бул тууралуу өткөргөн пресс- жыйынында 2020 -жылдагы жалпы шайлоонун көпчүлүк системасынын ордуна өкүлчүлүк системасына карата өткөрүлүшүнө чечим чыгарышкандарын билдирген болчу.

 



Тектеш кабарлар