Лавров: «Түркиянын чек араларынын коопсуздугу үчүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын ар дайым тааныдык»

Лавров, Сочиде өткөн чалгындоо жана коопсуздук уюмдарынын башкаруучуларынын жыйналышында Сириядагы абалга сереп салды.

1289276
Лавров: «Түркиянын чек араларынын коопсуздугу үчүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын ар дайым тааныдык»

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, Түркиянын чек араларын коопсуздук астына алыш үчүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын тааныгандарын ар дайым айткандарын билдирди.

Лавров, Сочиде өткөн чалгындоо жана коопсуздук уюмдарынын башкаруучуларынын жыйналышында Сириядагы абалга сереп салды.

Лавров, Дамаск жана Анкаранын ортосунда 1998-жылы түзүлгөн Адана меморандумунун негизинде оңой кызматташтык түзүлүүсүн жактагандарын баса белгилеп, «Түрк күчтөрүнүн, чек араларын коопсуздук астына алыш үчүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын тааныганыбызды ар дайым айттык»,-деди.

Анкара менен Дамасктын ортосунда диалог темасына да токтолгон Лавров, аянттагы ишке ашырууда түрк жана режим аскерлеринин кызматташтыгы жагдайында так параметрлерди белгилеген учурунда эки тараптын ортосунда курула турган диалогго жардамчы болууга даяр экендиктерин сөз кылды.

Лавров, Орусиянын эл аралык эрежелер жана БУУнун Коопсуздук кеңешинин чечимдери боюнча кыймыл кыла турганын белгиледи.

Сергей Лавров, бул айдын акырында президент Режеп Таййип Эрдогандын Орусия сапарында президент Владимир Путин менен жолугушуусунда Сирия темасынын карала турганын да билдирди.                                                                    



Тектеш кабарлар