Шинзо Абе Түндүк Кореянын лидери менен алдыңкы шартсыз жолугушууну каалайт

Япониянын премьер  - министри Түндүк Кореянын баллистикалык ракета сынагандыгы тууралуу : «Элибиздин коопсуздугун коргоо үчүн АКШ жана эл аралык коом менен жакын кызматташуу ичинде болобуз»,- деди.

1282037
Шинзо Абе Түндүк Кореянын лидери менен алдыңкы шартсыз жолугушууну каалайт

Япониянын премьер  - министри Шинзо Абе Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен алдыңкы шартсыз жолугушууну каалагандыгын белгиледи.

Абе Япон парламентинин ачылышында сүйлөгөн сөзүндө : «Президент Ким Чен Ын менен алдыңкы шарт болбостон беттешүүдө чечкиндүүмүн»,- деди. Мындан мурда Ким менен жолугушуу үчүн атомдук куралсыздануу жана Түндүк Кореянын 1970 – жылы жана 1980 -  жылдарда качырган Япония жарандары тууралуу маселесинин алдыга жылышын алдыңкы шарт катары ортого салган Абе Ким менен шартсыз жолугушууга даяр экендигин, бул үчүн мүмкүнчүлүктөрдү колдонорун белгиледи.

Абе Түндүк Кореянын мурунку күнү жаңы бир баллистикалык ракета сынагандыгы тууралуу : «Элибиздин коопсуздугун коргоо үчүн АКШ жана эл аралык коом менен жакын кызматташуу ичинде болобуз»,- деди.

Түндүк Кореянын 1970 – 1980 -  жылдарда качыргандыгы айтылган Япония жарандары  эки өлкө карым  - катнаштарын өткөн күндөн бери эң көп таасирленткен маселелердин бири. Япония жарандарынын Түндүк Корея агенттери тарабынан качырылгандыгы болжолдолууда. Пхеньян башкаруусунун бул кишилерди түндүк кореялык чалгындоочуларга  япон тилин үйрөтүүлөрү жана аларды чыккынчылыкка үйрөтүүлөрү үчүн колдонгондугу айтылууда.



Тектеш кабарлар