Ирандын президенти Рухани менен Армениянын президенти Саркисян жолугушту

Эки президент Еревандагы жолугушууда эки тараптуу жана аймактык темаларды карап чыгышты.

1279485
Ирандын президенти Рухани менен Армениянын президенти Саркисян  жолугушту

Ирандын президенти Хасан Рухани менен Армениянын президенти Армен Саркисян Ереванда жолугушту.

Иран президенттигинен берилген маалыматка караганда Армениянын премьер  - министри Никол Пашиняндын чакыруусу менен Евразия Экономикалык Биримдигинин лидерлер саммитине катышуу үчүн Армениянын борбор шаары Ереванда жолугушууларды өткөргөн Рухани Саркисян менен эки тараптуу жана аймактык темаларды сүйлөштү.

Рухани Армения жана башка коңшу өлкөлөр менен карым  - катнаштарды өнүктүрүү жана күчтөндүрүүнүн Иран тышкы саясатынын негизин түзгөндүгүн белгилеп, эки өлкөнүн энергетика, транспорт, туризм жана өнөр жай тармагында чоң бир кызматташуу потенциалына ээ экендигин баса белгиледи.

Рухани Ирандын Евразия Экономикалык Биримдигине кошулуусунун аймакта экономикалык карым  - катнаштардын күчтөнүшүнө кызмат кыларын айтты. Саркисян да Иран менен карым  - катнаштарды өнүктүрүүнүн өздөрү үчүн атайын мааниге ээ экендигин айтып, өнөр жай, энергия жана экологиялык темаларда кызматташууну өнүктүрүүнү каалашкандарын белгиледи.



Тектеш кабарлар