Орусияда АКШнын тыңчысы изделүүдө

Бул тууралуу Орусиянын ички иштер министрлиги маалымат тараткан.

1274849
Орусияда АКШнын тыңчысы изделүүдө

Орусиянын Ички иштер министрлиги, АКШ үчүн Орусиянын мамлекет башчылык сарайы Кремлде тыңчылык кылганы айтымы менен Олег Смоленковдун «жоголду» деп изделип жатканы билдирди.

Орусиянын ички иштер министрлигинен маалымдалгандай Смоленковдун изделиши тууралуу процесстин жана жоголду деп кайрылуусунун кимдин кылганы жөнүндө айрым өзгөчөлүктөрдүн болсо жашыруун кармалганы белгиленди.

АКШнын берүү мекемеси CNN, темага жакын булактарга таянып берген кабарында АКШнын айрым чалгындоо маалыматтарын начар башкарып жатканы себебеи менен 2017-жылы Орусия башкаруучулугунда кызмат кылган бир тыңчыны артка кайтарып алганын алдыга койгон.

Сөзү болгон чечим, АКШнын президенти Дональд Трамптын 2017-жылдын май айында Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров жана Орусиянын Вашингтондогу элчиси Сергей Кисляк менен болгон жыйналышта, Сириядагы ДЕАШ туурасында Израилден алган чалгындоону бөлүшүүсүнүн артынан чыгарылган.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Стефани Гришам, CNNдин маалыматына каршылык көрсөтүп, «Бул кабар бир гана жаңылыш болуп эле калбайт, ошол эле учурда бири-бирилеринин жашоосун да коркунучка салууда»,-деп айткан.

АКШнын Борбордук чалгындоо уюму CIAдин коомчулук менен байланыш боюнча директору Бриттани Бармелл да CNNге «CIAдин өлүм-калым чечимдерин чыгарганы тууралуу ыкмасы жаңылыш»,деген серебин салды.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков болсо «Ушундай кызматкер бар болчу жана иштен чыгарылган, бирок тыңчы болуп болбогонун билбейбиз»,-деп айткан.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров да Смоленков аттуу кишини көрбөгөнүн жана жумуш турмушундагы абалдарын жана кыймылдарын байкабагандарын айткан.

Орусиянын тышкы иштер министрлигинин катчысы Мария Захарова болсо CNN кабарынын пропаганда экенин белгилеп, «Жоголгон Смоленковдун АКШда табылганы темасында маалымат беришилиши үчүн Эл аралык криминалдык полиция уюму Интерполго кайрылдык»,-деп айткан.



Тектеш кабарлар