Чаддын эки аймагында өзгөчө кырдаал жарыяланды

Чаддын президенти Идрис Деби эки аймакта өзгөчө кырдаал жарыялангандыгын билдирди.

1254389
Чаддын эки аймагында өзгөчө кырдаал жарыяланды

 

Чадда болуп жаткан этникалык кагылышууларда бир канча адамдын каза табышынан кийин өлкөнүн Сила жана Уаддай аймактарында өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Чаддын президенти Идрис Деби Сила аймагына жасаган сапарында берген маалыматында, этникалык кагылышуулардан кийин өлкөнүн чыгышында Сила жана Уаддай аймактарында өзгөчө кырдаал жарыялангандыгын билдирди.

Деби: «Аймакка коопсуздукту сактоо үчүн аскердик бөлүктөрдү жөнөтүп жатабыз. Аймак элинин колдорундагы куралдарды чогултуп жарандарды куралсыздандырышыбыз керек»,-деп айтты.

Уаддайда 9-августтагы кагылышууларда 9 киши көз жумуп, Силада да этникалык тирешүүнүн себебинен баш аламандык болгон эле.



Тектеш кабарлар