Непалда жер көчкү болду

Жер көчкүдө сегиз киши каза болуп эки киши дайынсыз жоголду.

1240804
Непалда жер көчкү болду

Непалдагы эки тоо айылында катуу жамгыр жаашы себеп болгон жер көчкүдө сегиз киши каза болуп, эки киши дайынсыз жоголду.

Өкмөт жетекчиси Ядхунат Пудял Гулми аймагында күн чыга электе болгон жер көчкүдө эки айылда эң аз беш үйдүн жер астында калгандыгын билдирди.

Айыл тургундары уйкуда жатканда болгон апаатта сегиз кишинин каза болгондугун, эки кишинин дайынсыз жоголгондугун белгилеген Пудял айылдыктардын эки кишини уранды астынан чыгарганын айтты.

Жоголгондорду издөө иштеринин улантылып жатканын белгилеген Пудял жаап жаткан жамгырдын куткаруу топторунун апаат аймагына баруусун кыйындатып жаткандыгын билдирди.

Борбор шаар Катмандуга 200 километр алыстыктагы тоо айылдарына жөө баруунун көптөгөн убакытты алгандыгы билдирилди.

Непалда катуу жааган муссон жамгырларында бул жылы 90 киши каза болду.

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар