Сергей Лавров менен Хейко Маас Германиянын Бонн шаарында жолугушту

Сергей Лавров Перс булуңундагы маселенин диалог жолу менен чечилиши керектигин баса белгиледи.

1238932
Сергей Лавров менен Хейко Маас Германиянын Бонн шаарында жолугушту

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Иран өзөктүк келишиминин сакталышы керектигин белгиледи. Лавров менен Германиянын тышкы иштер министри Хейко Маас Германиянын Бонн шаарында өткөргөн жолугушуудан кийин биргелешкен пресс  - жыйын өткөрүштү.

Иран өзөктүк келишиминин сакталышы керектигин баса белгилеген Лавров : « Келишимдин тарап өлкөлөрү позиция тууралуу биримдиктүү болушу керек. Келишимдин туруктуу болушунун бир гана Иранга караштуу экендигин ойлоо менен жыйынтыкка жете албайбыз»,- деди.

Лавров Перс булуңундагы маселенин диалог жолу менен чечилиши керектигин да баса белгиледи.



Тектеш кабарлар