АКШнын президенти Дональд Трамп Иранга карата санкциялардын күчөтүлөрүн айтты

Дональд Трамп твиттерден берген маалыматында Иранга басым жасады.

1233870
АКШнын президенти Дональд Трамп Иранга карата санкциялардын күчөтүлөрүн айтты

АКШнын президенти Дональд Трамп : «Иранга карата санкциялар жакында маанилүү өлчөмдө күчөтүлөт»,- деди. Дональд Трамп твиттерден берген маалыматында Иранга басым жасады.

Ирандын узун убакыттан бери жашыруун түрдө уранды байытып жаткандыгын айткан Трамп бул абалдын АКШнын мурунку тышкы иштер министри Жон Керри жана мурунку президент Барак Обама башкаруусунун Тегеран менен түзгөн 150 миллиард долларлык «коркунучтуу» келишимди толугу менен бузгандыгын белгиледи. Трамп бул келишимдин кыска убакытта жараксыз болгондугун белгилеп : «Иранга карата санкциялар жакында маанилүү өлчөмдө күчөтүлөт»,- деди.

АКШ башкаруусу БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 5 туруктуу мүчөсү жана Германия менен Ирандын ортосунда 2015 -  жылы кол коюлган өзөктүк келишимден 2018 -  жылы май айында бир тараптуу чыккандан кийин Тегеранга карата кайрадан санкция сала баштаган.

2019 – жылы 8 -  майда Иран да келишимдин тараптарын кызыкчылыктарын сактоого чакырып, болбосо келишимдеги убадаларын чектей тургандыгын билдирген. Тегеран башкаруусу кыска убакыт мурда да келишимде белгиленген уранды байытуу катнашын ашкандыгын жарыялаган.

АКШ менен Ирандын ортосундагы араздашуу улантылып, Иран башкаруусу өзөктүк келишимде орун алган байытылган уран запасынын көлөмүн ашарын жарыялаган. АКШ болсо бул чечимге катуу каршылык көрсөткөн.



Тектеш кабарлар