БУУ Иранды өзөктүк келишимге баш ийүүгө чакырды

АКШнын санкцияларына каршы 8 -  майда келишимге тарап өлкөлөргө 60 күн мөөнөт берген Иран байытылган уран көлөмүн арттырарын билдирген.

1228746
БУУ Иранды өзөктүк келишимге баш ийүүгө чакырды

БУУнун башкы катчысынын өкүлү Стефан Дужаррик күнүмдүк пресс брифингинде Ирандын байытылган уран запастарынын чегин жогорулатууга байланыштуу маалымат берди.

Ирандын бул чечиминин тынчсыздантуучу экендигин билдирген Дужаррик : «Иран Ислам Республикасынын бул чечими келишимдин сакталышына жардамчы болбойт жана Иран калкын келишимдин так экономикалык пайдаларынан алыстатат»,- деди.

Маселенин Кенен масштабдуу орток кыймыл планынын негизинде чечилиши керектигин белгилеген Дужаррик БУУнун башкы катчысы Антонио Гутеррештин Иранга өзөктүк келишимге баш ийүү жана келишимдеги убадаларын орундатууга чакыргандыгын айтты.

Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жевад Зариф Тегерандын 3, 67 пайызы байытылган уран запас чегинин өзөктүк келишимде белгиленген 300 килограммдык запас деңгээлин ашкандыгын, ошол эле нерсенин оорлоштурулган суу үчүн да тийешелүү экендигин билдирген.

АКШнын санкцияларына каршы 8 -  майда келишимге тарап өлкөлөргө 60 күн мөөнөт берген Иран байытылган уран көлөмүн арттырарын билдирген.

 



Тектеш кабарлар