Союз МС - 11 жер шарына келип конду

Эл аралык космостук станциясында 204 күндөн бери милдетин аткарып жаткан Союз МС  - 11 капсуласы Казакстанга конду.

1224937
Союз МС - 11 жер шарына келип конду

Эл аралык космостук станциясында 204 күндөн бери милдетин аткарып жаткан Союз МС  - 11 капсуласы Казакстанга конду.

Орусия федералдык космос агенттигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта орусиялык космонавт Олег Кононенко, Канада космостук агенттигинин космонавты Дэвид Саинт  - Жакуес жана Американын авиация жана космостук агенттиги НАСАнын космонавты Энн Макклейн ичинде болгон  космостук унаасынын ийгиликтүү конгондугу, топтун мүчөлөрүнүн саламаттыгынын мыкты экендиги белгиленди.

Маалыматта топтун Эл аралык космостук станциясында 197 күн болгондугу жана бул убакыттын ичинде түрдүү илимий иликтөөлөрдүн жүргүзүлгөндүгү белгиленди.

Союз MС - 11 өткөн жылы 3 -  декабрда учурулган.

НАСА, Роскосмос, ESA, CSA жана Япония космостук иликтөөлөр агенттиги JAX биргеликте иштеткен Эл аралык космостук станциясында космостук иликтөөлөр жана негизги илимий тажрыйбалар жүргүзүлүүдө.



Тектеш кабарлар