Гималайлардагы мөңгүлөрдүн жок болушу

Гималайларда мөңгүлөрдүн эрүү ылдамдыгынын мурунку 25 жылдык процесс менен салыштырылганда 2000 – жылдан баштап эки эсеге чыккандыгы билдирилди.

1222059
Гималайлардагы мөңгүлөрдүн жок болушу

 Гималайларда мөңгүлөрдүн эрүү ылдамдыгынын мурунку 25 жылдык процесс менен салыштырылганда 2000 – жылдан баштап эки эсеге чыккандыгы билдирилди.

БиБиСинин кабарына караганда иликтөөчүлөр Гималайлардагы мөңгүлөрдүн эришине байланыштуу 1975 – 2000 жана 2000 – 2016 -  жылдарга таандык маалыматтар боюнча 40 жылдан ашуун убакыттан берки мөңгүлөрдүн ээришинин чоңдугун ортого салды.

1975 – 2000 – жылдары жыл сайын орточо 4 миллиард тонна мөңүгүнүн эригендигин белгилеген иликтөөчүлөр мөңгүлөрдүн  эрүү ылдамдыгынын 2000 -2016 – жылдары дээрлик эки эсеге чыгып, жыл сайын орточо 8 миллиард тонна экендигин тактады. Эмгек 2000 – жылдан бери Гималай мөңгүлөрүнүн бийиктигинин жылда орточо 0,5 метрге азайгандыгын көрсөттү.

Гималайлардагы 2 миң километрге жайылган 650 мөңгүнү иликтеген Колумбия университетинен иликтөөчүлөр мөңгүлөрдүн эришинин негизги себебинин климаттык өзгөрүүгө байланыштуу ысыктыктын артышы экендигин белгиледи.

Эмгек "Science Advances" журналында жарыяланды.



Тектеш кабарлар