Израилдин 2018 - жылдагы кыргын көрсөткүчү

Израиль 2018 -  жылы 312 палестиналыкты шейит кылды. Алардын ичинен 57си балдар болгон жана 8300 кишини да жаралады

1211048
Израилдин 2018 -  жылдагы кыргын көрсөткүчү

Израиль 2018 -  жылы 312 палестиналыкты шейит кылды. Алардын ичинен 57си балдар болгон жана 8300 кишини да жаралады.

Адам укуктары боюнча жооптуу Палестин бийлигинин төрагасы Аммар эд -  Дувэйк басып алынган Батыш Шерианын Рамаллах шаарында өткөргөн пресс  - жыйынында  Израилдин палестиндерге карата адам укуктарын бузгандыгы тууралуу 24 жылдан бери жарыялаган жылдык отчетун билдирди.

2018 -  жылдын палестиндер үчүн кыйын бир жыл болгондугун айткан Дувэйк Израилдин АКШнын колдоосу менен Кудс да болгон Батыш Шерианы текшерүү астына алуу жана Израиль жерлерине кошуу тууралуу жаңы бир баскычка өткөндүгүн белгиледи.

Дувэйктин пресс  - жыйынында билдирген отчетто 2018 -  жылдын Израилдин Газага 2014 -  жылы жасаган кол салуусунан бери эң көп палестиналык шейит болгон жыл катары каттоого өткөндүгү билдирилди.

Отчетто Израилдин 2018 -  жылы Батыш Шериа, Кудс жана Газа тилкесинде 312 палестиналыкты шейит кылып, 8300гө жакын палестиналыкты жаралагандыгы белгиленди. Отчетто 2018 -  жылы Израилдин 489 кишини камоого алгандыгы алардын ичинен 63нүн балдар, 140нын аялдар менен кыздар жана алтоосунун депутаттар, 38нин журналисттер экендиги, палестиналыктарга таандык 538 үй жана копмлекстин да кулатылгандыгы билдирилди. Ошондой эле Израилдин өзгөчө палестиндерге таандык участоктор менен эгиндерге кол салып, палестиндерди унаалар менен тебелетип, ок атуу да болгон 499 кол салуу жасагандыгы белгиленди.



Тектеш кабарлар