Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жевад Зарифтин Түркмөнстан сапары

Мухаммед Жевад Зариф Түркмөнстан менен Ирандын бир топ орток кызыкчылыгынын бар экендигин жана эки өлкө карым  - катнаштарынын дагы көп өнүгүшү үчүн даяр экендерин белгиледи.

1200228
Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жевад Зарифтин Түркмөнстан сапары

Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жевад Зариф расмий жолугушууларды өткөрүү үчүн  Түркмөнстандын борбор шаары Ашкабадда президент Гурбангулу Бердимухаммедов жана тышкы иштер министри Рашит Мередов менен жолугушту.

Ирандын тышкы иштер министрлигинин интернет сайтында орун алган кабарга караганда Зариф менен Бердимухаммедов эки өлкө карым  - катнаштары менен аймактык жана эл аралык мааниге ээ темаларда пикир алышууларда болушту.

Зариф андан кийин түркмөнстандык кесиптеши Мередов менен жолугушту. Зариф  - Мередов жолугушуусунда болсо Афганстандагы абалдар, темир жол транспорту жана транзит өткөөлдөр, энергетика, электр тармагындагы кызматташуу, эки өлкөдө камалган Иран жана Түркмөнстан жарандарынын абалы, Каспий деңизи жана Түркмөнстандын президенти Бердимухаммедовдун Иранга жасай турган сапары каралды.

Жолугушууда Мередов Зарифтин Түркмөнстан сапарынын маанисин белгилеп, Иран менен бардык тармактарда карым  - катнаштарды өнүктүрүүгө карата саясий эркке ээ экендерин айтты.

Зариф да Түркмөнстан менен Ирандын бир топ орток кызыкчылыгынын бар экендигин жана эки өлкө карым  - катнаштарынын дагы көп өнүгүшү үчүн даяр экендерин белгиледи.

Ирандын тышкы иштер министри Зариф коштоосундагы делегация менен кечээ Түркмөнстандын борбор шаары Ашкабатка барган.

 



Тектеш кабарлар