АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Путин жана Лавров менен жолугушат
Помпеонун 12 - 14 - майда Орусиянын Москва жана Сочи шаарларына барары белгиленди.
1199096
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 14 - майда Сочиде Орусиянын президенти В. Путин жана орусиялык кесиптеши Сергей Лавров менен жолугушат. АКШнын тышкы иштер министрлигинин катчысы Морган Ортагус тарабынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Помпеонун 12 - 14 - майда Орусиянын Москва жана Сочи шаарларына барары белгиленди.
Помпеонун 13 - майда АКШнын Москва элчилигинин кызматкери жана америкалык ишкерлери менен жолугушары билдирилген маалыматта : "Помпео 14 - майда да эки тараптуу жана көп тараптуу бардык маселелерди сүйлөшүү үчүн Путин жана Лавров менен Сочиде жолугушат",- деп билдирилди.