Помпео айрым Европа өлкөлөрүнө барат

Помпеонун Европа сапары тууралуу жазуу түрүндө маалымат берилди.

1193635
Помпео айрым Европа өлкөлөрүнө барат

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео, эки тараптуу карым-катнаштар жана аймактык кызыкчылыктардын алкагында бир катар Европа өлкөлөрүнө барат.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Морган Ортагус, Помпеонун Европа сапары тууралуу жазуу түрүндө маалымат берди.

Ортагус, Помпеонун эң оболу 6-майда Финляндияга барып Арктика кеңешинин 11-Министрлер жыйналышына катыша турганын, андан соң Берлинге өтүп Германиянын канцлери Ангела Меркель жана Германиянын тышкы иштер министри Хейко Маас менен жолуга турганын билдирди.

Анда, Помпео менен Меркелдин ортосунда 7-майда боло турган жолугушууда Украина, Орусия, Кытай, Сирия жана Батыш Балкан өлкөлөрү сыяктуу орток санааркоолор карала турганы белгиленди.

Андан соң Помпеонун 8-майда Лондонго өтүп, Англиянын премьер-министри Тереза Мэй жана Англиянын тышкы иштер министри Жереми Хант менен глобалдык баалуулуктар жана эки тараптуу карым-катнаштар темасында пикир алмаша турганы айтылды.

Ал эми Европа сапарынын акыркы күнү 9-майда Гренландияга бара турган Помпео, ал жерде Гренландиянын премьер-министри Ким Килсен, Гренландиянын тышкы иштер министри Ане Лоне Баггер жана Даниянын тышкы иштер министри Андерс Самуэльсен менен жолугат. Жолугушууда Түндүк уюлдагы алдыга коюлган биргелешкен пландар жана Гренландия менен дагы кеңири кызматташтык темалары сүйлөшүлөт.



Тектеш кабарлар