Керкүктү орток күч коргойт

Ирактын Керкүк шаарында коопсуздукту армия, жергиликтүү полиция жана Хашди Шабиден түзүлө турган күч коргойт.

1149200
Керкүктү орток күч коргойт

Ирактын Керкүк шаарында коопсуздукту армия, жергиликтүү полиция жана Хашди Шабиден түзүлө турган күч коргойт.

Керкүк операциялар командири, армиянын генералы Саад Харбийе Керкүк үчүн жаңы коопсуздук планын даярдашкандарын белгилеп, шаардын коргоого алынышында армия жана жергиликтүү полиция күчтөрүнүн жанында Хашди Шабинин да орун аларын билдирди. Харбийе бул коопсуздук планынын жакынкы учурда турмушка ашырыларын белгиледи.

Ирак күрт аймактык башкаруусуна караштуу пешмерге күчтөрүнүн Керкүк жана башка талаш  - тартыштуу аймактарга кайтып келери билдирилген болчу. Бул айтылган сөздү Багдат менен Эрбил да ырастаган.

Ирак премьер  - министрлигине караштуу 64 - Атайын күчтөр командарлиги 5 -  февралда Керкүктө коопсузукту түзө баштаган.

Ирак борбордук башкаруусуна караштуу күчтөр 2017 -  жылы 16 -  октябрда Керкүккө кирип шаардагы пешмергелерди чыгарган.



Тектеш кабарлар