Король Абдуллах менен Барзанинин жолугушуусу

Сүйлөшүүлөргө Ирактын тышкы иштер жана финансы министри Хошяр Зебари менен Иорданиянын принци Файсал Хүсейин да катышты.

1134418
Король Абдуллах менен Барзанинин жолугушуусу

Иорданиянын королу 2 -  Абдуллах менен Ирак Күрт Аймактык Башкаруусунун мурунку башкаруучусу Месут Барзани аймактагы акыркы саясий абалдарды карап чыгышты.

Барзанинин расмий интернет сайтынан берилген маалыматка караганда Король Абдуллах Иорданиянын борбор шаары Амманда Месут Барзани менен жолугушту.

Маалыматта жолугушууда  аймактын акыркы саясий абалдары жана эки өлкөнүн ортосундагы карым – катнаштардын каралгандыгы билдирилди.

Жолугушууда аймактын ырааттуулугу жана өнүгүшүнүн колдоого алынышынын маанисине токтолушуп, өзгөчө террор менен күрөштө кызматташуу тууралуу да сүйлөшүүлөрдүн болгондугу белгиленди.

Сүйлөшүүлөргө Ирактын тышкы иштер жана финансы министри Хошяр Зебари менен Иорданиянын принци Файсал Хүсейин да катышты.



Тектеш кабарлар