Аракандагы кагылышуулар

БУУнун башкы катчысынын орун басарларынан Фарах Хак кагылышуулардан улам 4 миң 500дөн ашуун кишинин жеринен кеткендигин белгиледи.

1122142
Аракандагы кагылышуулар

 

 Бириккен Улуттар Уюму Мьянманын Аракан аймагында коопсуздук күчтөр менен «Аракан армиясы» деп мүнөздөлгөн топтун ортосунда чыккан кагылышууларда бир күндө 4 миң 500дөн ашуун кишинин жашаган жеринен кеткендиги билдирилди.

БУУнун башкы катчысынын орун басарларынан Фарах Хак берген жазуу түрүндөгү маалыматта бүгүн Аракан армиясы менен Мьянма коопсуздук күчтөрүнүн ортосунда болгон кагылышуулардан улам 4 миң 500дөн ашуун кишинин жеринен кеткендигин белгиледи.

«Аракан армиясынын» Бутидаун шаарында 4 -  январда полициялык текшерүү жерлерине жасаган кол салуулар боюнча акыркы күндөрдө кагылышуулардын болгондугун айткан Хак декабрь айында жүздөгөн кишинин Бутидаун жана Ратхедаунда үйлөрүнө кайткандыгын бирок болгон кагылышуулардан улам кайрадан жашаган жерлеринен чыккандыгы тууралуу маалыматты бөлүштү.

Хак жерлеринен кеткендердин Киауктау, Поннагюн, Ратхедаун жана Бутидаунда монастырлар менен башка орток аянттарда жашап жаткандыгын белгиледи.

БУУнун Мьянма гуманитардык иштер координаторлугуна убактылуу дайындалган Кнут Остби да Аракан жана түндүгүндөгү абалдын тынчсыздантуучу экендигин баса белгилеп, 4 -  январда болгон окуялар жана жоготуулардан терең санааркагандыгын айтты.

БУУнун билдиргенине караганда 2017 -  жылы 25 -  августтан кийин Аракандан качып Бангладешке баш калкалагандардын саны 720 миңге жетти. Эл аралык адам укуктары мекемелери жарыялаган спутник көрүнүштөрү менен жүздөгөн айылдын жок кылынгандыгын далилдеди.

БУУнун жана эл аралык адам укуктары уюмдары аракандык мусулмандарга карата күчтү «этникалык тазалык» же «кыргын» деп атоодо.



Тектеш кабарлар