Вьетнамда "Усаги" тайфуну
Тайфун менен келген селде бир каза таап, көп сандаган үй зыян тартты.
Вьетнамдын түштүк аймагын таасири астына алган «Усаги» тайфуну жана коштоосунда алып келген катуу жамгыр жаашы жол ачкан селде бир киши каза болуп, көп сандаган үй жана унаа зыян тартты.
Вьетнам маалымат агенттигинин билдиргенине караганда айыл - чарба жана элеттик өнүгүү министрлигинен берилген маалыматта Хо Чи Минх шаарында тайфундан улам үстүнө дарак кулаган мотоцикл минген бир кишинин каза болгондугу белгиленди.
Маалыматта 50дөн ашуун үй менен 46 кеменин зыян тартуусуна себеп болгон тайфунда 120га жакын дарактын көңтөрүлгөндүгү, миң гектардан ашуун күрүч талаасы менен көптөгөн километр жолдун суу астында калгандыгы билдирилди. Тайфундун болушуна себеп болгон катуу жамгыр жана селде Хо Чи Минх жана Нинх Туан аймагында билим берүү убактылуу токтотулду.
Учак жана поезд каттамдарынын аксоосуна себеп болгон тайфун күчүн азайтуу менен тропикалык депрецияга айлангандыгы белгиленди.
Тектеш кабарлар
Болгарияда 9 - майда шайлоо болот
Түрк тектүү Болгария жарандары бере турган добуштар да өлкөнүн келечеги үчүн маанилүү.