Жер жүзүнүн 23 пайызына гана кол тийген эмес

Антарктида тышында башка жерлердин адамдардын түздөн түз таасирине дуушар болгондугуна көңүл бурулду.

1080437
Жер жүзүнүн 23 пайызына гана кол тийген эмес

Жер жүзүндө кургактыктын 23 пайызы гана колдонулган эмес...

ScienceDailyнин кабарына караганда эколог – окумуштуулар биринчи жолу жер жүзүндө деңизде жана кургактыкта кол тийбеген жер катары мүнөздөлө ала турган аймактардын картасын чыгарышты.

Эколог  - окумуштуулар картага караганда жер жүзүндө кургактыктын 23 пайызына гана кол тийген эмес деп айтууга боло тургандыгын, Антарктида тышында башка жерлердин адамдардын түздөн түз таасирине дуушар болгондугуна көңүлдөрдү бурушту.

Табылганын өзгөчө жакынкы күндө  аткарылган сансыз эмгектин кол тийбеген жерлердин, климаттык алмашууга каршы маанилүү аймактар экендигин көрсөтүшү менен тынчсыздантуучу экендиги билдирилди.

Окумуштуулар Орусия, Канада, Австралия, АКШ жана Бразилиянын кургактык жана деңизде кол тийбеген аймактардын 70 пайызына ээ экендигин жана бул өлкөлөрдүн жапайы табияттын  коргоо астына алынышы тууралуу абдан чоң ролунун бар экендигин белгиледи.

Дүйнөлүк табиятты коргоо фондунун жуманын башында жарыялаган отчетунда да адамдардын 1970 – 2014 -  жылдарда жер шарында сүт эмүүчүлөр, балыктар жана сойлоп жүрүүчүлөр да болгон жаныбарлардын 60 пайызынын жок болушуна себеп болгондугу билдирилген.



Тектеш кабарлар