Дональд Трамп Ким Чен Ын менен жолугушууну чыдамсыздык менен күтүп жатат

Трамп маалыматында : «Жакынкы убакта президент Ким менен кайрадан жолугушууну чыдамсыздык  менен күтүп жатам».

1064396
Дональд Трамп Ким Чен Ын менен жолугушууну чыдамсыздык менен күтүп жатат

АКШнын президенти Дональд Трамп мамлекеттик катчы Майк Помпеонун Түндүк Кореянын лидери Ким менен мыкты жолугушуу өткөргөндүгүн белгилеп : «Ким менен кайрадан жолугушууну чыдамсыздык менен күтүп жатам»,- деди. Дональд Трамп Пхеньянда мамлекеттик катчы Майк Помпео менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өткөргөн жолугушуу тууралуу твиттер эсебинен маалымат берди.

Трамп маалыматында : «Мамлекеттик катчы Помпео Пхеньянда президент Ким менен мыкты жолугушуу өткөрүп, Сингапур саммитиндеги келишимде өзгөрүү болду. Жакынкы убакта президент Ким менен кайрадан жолугушууну чыдамсыздык  менен күтүп жатам»,- деди.

Помпео да твиттер эсебинен берген маалыматта Пхеньяндагы жолугушууда Сингапур саммитинде түзүлгөн келишимдер боюнча алдыга жылууну улантышкандарын билдирген.

Пхеньяндагы жолугушууларын аяктаган Помпео андан кийин Түштүк Кореянын борбор шаары Сеулга барды.

АКШнын президенти Трамп өткөн айда Түндүк Кореянын лидери Ким менен экинчи саммиттин жакында өткөрүлөрүн жарыялаган.

Трамп менен Ким 12 -  июнда Сингапурда жолугушуп, саммиттен кийин эки лидер Түндүк Кореянын атомдук куралдардан тазаланышы тууралуу келишим түзүлгөн бирок кийинки жумаларда эки өлкөнүн ортосундагы дипломатия атмосферасы бузула баштаган, АКШ тарабы Түндүк Кореяны атомдук программасынан баш тартпоо менен күнөөлөгөн.



Тектеш кабарлар