Орусиянын президенти Японияга тынчтыкты сунуш кылды

Орусиянын президенти В. Путин Японияга жылдын акырына чейин алдыңкы шартсыз тынчтык келишимине кол коюну сунуш кылды.

1048212
Орусиянын президенти Японияга тынчтыкты сунуш кылды
abe-cinping-putin.jpg

Орусиянын президенти В. Путин Японияга жылдын акырына чейин алдыңкы шартсыз тынчтык келишимине кол коюну сунуш кылды.

Путин Владивосток шаарында өткөрүлгөн 4 -  Чыгыш экономика форумунда Япониянын премьер  - министри Шинзо Абе сөз сүйлөгөн учурда тынчтыкты сунуш кылды.

Путин : «Тынчтык келишимине кол койолу. Бирок азыр эмес. Жылдын акырына чейин эч бир алдыңкы шарт болбостон жана бул тынчтык келишиминин негизинде дос катары талаш  - тартыштуу бардык маселелерди чечүүнү улантабыз»,- деди.

Орусия жана Япония Экинчи дүйнөлүк согушунан кийин орустардын Куир аралдары, Япониянын болсо Түндүк аймактары деп аталган жер тилкелери тууралуу шайкешсиздиктерден улам расмий тынчтык келишимине кол койо алган эмес.

Советтер союзу 1949 -  жылы басып алган аралдарда жашаган япон жарандарын аралдан чыгарган болчу.

Тынчтык келишимине кол коюу үчүн оболу 2014 – жылдын башында өткөрүлгөн сүйлөшүүлөр Украина кризисинен улам токтотулган. Бул аралдар Тынч океандагы Итуруп, Кунашири, Шикотан жана Хабомаи аралдарынан турат.



Тектеш кабарлар