Ливиядагы кагылышууларда каза болгондордун саны көбөйүп баратат

8 күндөн бери болуп келе жаткан кагылышууларда 41 киши каза болуп, 128 киши жараланды.

1042404
Ливиядагы кагылышууларда каза болгондордун саны көбөйүп баратат

Ливиянын борбор шаары Триполиде Улуттук макулдашуу өкмөтүнө караштуу полктордун арасында 8 күндөн бери болуп келе жаткан кагылышууларда 41 киши каза болуп, 128 киши жараланды.

Улуттук макулдашуу өкмөтүнүн саламаттык сактоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта кагылышуулардан улам каза болгондордун санынын 41ге жеткендиги, 128 кишинин жралангандыгы, 8 кишинин жоголгондугу белгиленди.

Бир тараптан Улуттук макулдашуу өкмөтүнүн төрагалык кеңешинин төрагасы  Фаиз  ес -  Серраж террор менен күрөшүү күчтөрүнүн командири Мухаммед ез  - Зейнди ок атышпоолор тууралуу милдеттендирди.

Улуттук макулдашуу өкмөтүнүн төрагалык кеңеши шаардагы кагылышуулардан улам бүгүн борбор шаар жана тегерегинде өзгөчө кырдаал жарыялаган болчу.

 

 

 



Тектеш кабарлар