Иранда экономикалык абал курчуп баратат

3 күн мурда Исфаханда башталган, кечээ Мешхед, Шираз сыяктуу шаарларга жайылган экономикалык маселелерге нааразылык билдирүү акциялары Тегеранга жетти.

1025192
Иранда экономикалык абал курчуп баратат

Ирандын ар кайсы шаарларында уланган экономикалык маселелерге нааразылык билдирүү акциялары борбор шаар Тегеранга да жайылды.

3 күн мурда Исфаханда башталган, кечээ Мешхед, Шираз сыяктуу шаарларга жайылган экономикалык маселелерге нааразылык билдирүү акциялары Тегеранга жетти.

Социалдык медиа тармагында бөлүшүлгөн видеолордо митингчилердин Тегерандагы «Велиаср аянтына» жакын жердеги таштанды контейнерин өрттөп жибергендери көрүндү.

Ураандарды чакырып жүрүшкө чыккан ондогон митингчилерге жолдон өткөн айдоочулар да сигналын басып колдоо көрсөткөндөрү көңүлдү бурду.

Декбарь айында Мешхед шаарында экономикалык маселелердин себебинен башталган, андан соң Исфахан да арасында болгон бир топ шаарга жайылган митингдерде 25 киши каза тапкан болчу.

Өлкөдө доллардын чукул жогорулаганы боюнча өткөн айда Тегерандын эң маанилүү соода борборлорунан «Чоң базар» соодагерлери да экономикалык трендди себеп көрсөтүп ишканаларын жаап, бул абал өлкөдө жаңы митингдердин башталышына себепчи болгон.

Өкмөттүн экономика тармагындагы чара көрүүлөрү доллардын кунун төмөндөтпөгөнү сыяктуу базарда болуп жаткан кризистин күчөшүн да токтото алган жок. Эркин базарда доллар 10 миң түмен деңгээлинен ашып кетти.

Валюта курсундагы чукул жогорулоо элдин сатып алуу күчүн төмөндөтүп, жумуш орундарынын үстөкө-босток жабылышына жана жумушсуздуктун улам көбөйүшүнө себепчи болду. Иранда социалдык медиа түйүндөрү аркылуу «жалпы иш таштоо жана нааразалык илдирүү» чакырыгы салынды.



Тектеш кабарлар