Антонио Гутерреш Бангладешке сапар менен барат

Гутерреш 2 -  июлда Кокс Базардагы качкындар лагерлерине барып аракандык мусулмандар менен жолугушат.

1002555
Антонио Гутерреш Бангладешке сапар менен барат

БУУнун башкы катчысы Стефан Дуяррик күнүмдүк басма сөз брифингинде Антонио Гутеррештин 1 -2 -  июлда Бангладешке сапар менен барарын айтты.

Дуяррик сапар менен 2017 -  жылы Мьянма армиясынан качкан аракандык мусулмандарга каалгасын ачып эң көп качкын кабыл алган Бангладештин жоомарттыгына жана эл аралык коомчулуктун эмнелерди аткарышы керектигине көңүл буруунун максат кылынгандыгын белгиледи. Дуяррик аракандык качкындардын абалына карата кенен түрдө чечүүчү жолдун табылышы үчүн Бангладеш өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөрүн айтты.

Гутеррештин 2 -  июлда Кокс Базардагы качкындар лагерлерине барып аракандык мусулмандар менен жолугушарын, баш катчыны Дүйнөлүк банктын төрагасы Жим Йонг Ким жана БУУнун качкындар жогорку комиссары Филиппо Грандинин да коштой тургандыгын билдирген Дуяррик аракандыктардын коопсуз, ыктыярдуу жана сыймыктуу түрдө үйлөрүнө кайтуусунун да караларын сөздөрүнө кошту.



Тектеш кабарлар