Путин Кытай медалы менен сыйланды

Орусиянын президенти В. Путин Кытайдын эң жогорку даражадагы медалы «Достук медалы» менен сыйланды.

988983
Путин Кытай медалы менен сыйланды

Орусиянын президенти В. Путин Кытайдын эң жогорку даражадагы медалы «Достук медалы» менен сыйланды.

Кытайдын борбор шаары Пекинге расмий сапар менен барган Орусиянын президенти Путинге Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпин тарабынан достук медалы берилди. Цзинпинь  өткөрүлгөн аземде бул медалдын Путинге берилишинин себептерине байланыштуу : «Кытайда мамлекетке кызмат кылгандыгы үчүн сыйлык тапшыруу системасы түзүлгөндөн бери бул медаль биринчи жолу Путинге берилип жатат. Чоң дүйнө күчүнүн лидери болгон Путин азыркы учурдагы Орус  - Кытай карым  - катнаштарынын да куруучусу. Карым  - катнаштардын өнүктүрүлүшү ар дайым жогорку деңгээлде колдоп жатат»,- деди.

Кытай лидер : «Орусиянын президенти Путин Кытайга 2000 -  жылдан бери 19 жолу келди. Путин дүйнө күчү болгон мамлекеттердин лидерлеринин арасында Кытайга эң көп келген киши. Айрыкча ал бул лидерлерден Кытайда эң көп таанылганы жана сый көргөнү». Цзиньпин : «Путин мен үчүн мыкты жана жакын дос»,- деп кошумчалады.

 

 

 



Тектеш кабарлар