Арменияда мөөнөтүнөн эрте болуучу шайлоо сунуш кылынды

Саркисянга каршы чыккан митингчилерге лидерлик кылган Пашинян премьер  - министрдин элдин талапкери болушу керектигин белгилеген.

958611
Арменияда мөөнөтүнөн эрте болуучу шайлоо сунуш кылынды

Арменияда өткөн жумада премьер  - министр болуп шайланган мурунку президент Серж Саркисяндын каршы митингдерден улам арызын бергенден кийин премьер  - министрдин милдетин аткаруучу Каран Карапетян мөөнөтүнөн эрте болуучу шайлоону сунуш кылды. Журналисттерге маалымат берген Карапетян : «Абал чыкпас жолго кирип жатат. Митингдердин лидери Никол Пашинян премьер  - министрдин калктын талапкери, тактап айтканда өзү болушу керектигин айтып жатат. Президенттен керектүү саясий күчтөр менен сүйлөшүп мөөнөтүнөн эрте болуучу шайлоонун жарыяланышын сурандым»,- деди.

Эч бир өлкөдө  элдин талапкеринин аянттарда шайланбагандыгын белгилеген Карапетян : «Аянттарда ыраазы болбогон кишилер бар. Бирок Пашинянды каалап же каалабагандарын кайдан билебиз? Бирөөсү кааласа, бирөөсү башкасын. Ошондуктан мөөнөтүнөн эрте болуучу шайлоону сунуш кылып жатабыз. Эл аны шайлай турган болсо ал кызматка келет. Элдин талапкери шайлоодо шайланат»,- деди.

Саркисянга каршы чыккан митингчилерге лидерлик кылган Пашинян премьер  - министрдин элдин талапкери болушу керектигин белгилеген. Эскерте кетсек Арменияда 2 жумага жакын убакыттан бери болуп келе жаткан митингдерден кийин Серж Саркисян дүйшөмбү күнү арызын берген болчу.

 

 



Тектеш кабарлар