Арменияда Саркисяндын арызын бериши менен майрам башталды

Серж Саркисяндын эки мезгилге созулган президенттиктен кийин премьер  - министр болушу менен Армениянын борбор шаары Ереванда 11 күн митинг өткөрүлдү.

957913
Арменияда Саркисяндын арызын бериши менен майрам башталды

Арменияда көптөгөн күндөрдөн бери болуп жаткан митингдерден кийин премьр  - министр Серж Саркисяндын арызын бериши менен митингге чыккандар майрамдай башташты.

Серж Саркисяндын эки мезгилге созулган президенттиктен кийин премьер  - министр болушу менен Армениянын борбор шаары Ереванда 11 күн митинг өткөрүлдү.

Саркисяндын арызын бериши үчүн 13 -  апрелде башталган митингдер кечээ борбор шаар Ереванда куралсыз бир группа аскердин өкмөткө каршы митингдерине катышуусу менен күч алды. Бул абал боюнча арызын берген Саркисян жазуу түрүндө берген билдирүүсүндө : «Мен жаңылыптырмын. Азыркы абалда бир канча чечүүчү жол бар бирок мен булардын эч бирин тандабаймын. Бул менин стилим эмес. Өлкөнүн лидерлигин таштап жатам»,- деди.

Президент Армен Саркисян премьер  - министр жана өкмөттүн арызын кабыл алды.

Жекшемби күнү камоого алынып камалган оппозициячыл лидерлерден депутат Никол Пашинян өзү менен бирдикте камалган эки саясатчы жана 200гө жакын митингчи менен бирдикте эркин койо берилди.

Өлкөнүн төрт тарабында майрам болду. Андан кийин жактоочуларына кайрылган Пашинян өлкөдө мөөнөтүнөн мурда шайлоонун болушу керектигин айтты. Камоого алууларга Европа Биримдиги да каршы чыкты.



Тектеш кабарлар