Арменияда Серж Саркисян премьер - министр болуп шайланды

Армения республикачыл партиясы жана коалиция өнөктөшү Дашнаксутун партиясы тарабынан талапкер көрсөтүлгөн Саркисян добуштардын 77 пайызын алды.

953511
Арменияда Серж Саркисян премьер  - министр болуп шайланды

Армениянын мурунку президенти Серж Саркисян борбор шаар Ереванда ага каршы өткөрүлгөн митингдерге карабастан премьер  - министр болуп шайланды.

2015 -  жылы болгон конституциялык реформа боюнча 9 -  апрелде парламентардык системага өткөн жана иш алып баруу жоопкерчилигин мамлекеттин премьер  - министрине берген Арменияда жаңы мезгилдин биринчи премьер  - министри Серж Саркисян болду.

105 орундуу Армения парламентинде 94 добуш берген бийликтеги Армения республикачыл партиясы жана коалиция өнөктөшү Дашнаксутун партиясы тарабынан талапкер көрсөтүлгөн Саркисян добуштардын 77 пайызын алса, 17 депутат каршы добуш берди.

Ереванда Серж Саркисяндын премьер  - министр катары талапкер көрсөтүлүшүнө каршы чыккан митингчилер шаардын негизги проспект жана кесилиштеринде унааларга жолду жабышкан.

Митингчилердин лидери жана оппозициячыл депутат Никол Пашинян прокуратура жана Жогорку соттун имараттарынын блокадага алынышына чакыруу салып «Баркыт төңкөрүшүн» жарыялаган болчу.

 

 



Тектеш кабарлар