Арменияда камоого алуулар болду
Серж Саркисяндын премьер - министр болушуна каршы чыккан митингчилерден 66 киши камоого алынды.
954217
Армениянын борбор шаары Ереванда мурунку президент Серж Саркисяндын премьер - министр болушуна каршы чыккан митингчилерден 66 киши камоого алынды.
Митингчилер эрте мененки сааттарда премьер - министрлик турак жайына барышты. Ал жерге барган митингчилерге полиция кийлигишүү менен 66 кишини камоого алды.
Мурунку президент жана жаңы премьер - министр Серж Сракисянга каршы митингчилерге лидерлик кылган оппозициячылдардын өкүлү Никол Пашинян өлкөдө «Баркыт төңкөрүшү» комитетинин курулгандыгын жарыялаган болчу.