«Чечимдин ээси бизбиз, эч нерсе бизге мажбурлоо менен аткартыла албайт»

Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас эл аралык мыйзамдуулук чечимдерине баш ийерин айтты.

905412
«Чечимдин ээси бизбиз, эч нерсе бизге мажбурлоо менен аткартыла албайт»

Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас АКШнын президенти Дональд Трамптын Иерусалимди Израилдин борбор шаары деп тануу чечимин четке кагып, эл аралык мыйзамдуулук чечимдерине баш ийерин айтты.

Аббас Рамаллахта өткөрүлгөн «Иерусалим 2018 ислам дүйнөсүнүн жаштык борбор шаары» программасында сүйлөгөн сөзүндө Трамптын Иерусалим чечими тууралуу : «Чечимдин ээси бизбиз, эч нерсе бизге мажбурлоо менен аткартыла албайт»,- деди. Махмуд Аббас борбор шаары Чыгыш Иерусалим болгон 1967 -  жылдагы чек араларындагы жерлерде Палестина мамлекетинин курулушуна байланыштуу эл аралык мыйзамдуу чечимдерине баш ийишерин баса белгиледи. Махмуд Аббас сүйлөшүүлөр тууралуу : «Биз эч качан сүйлөшүүлөрдү четке каккан жокпуз. Колубуз тынчтыкка ачык. Биз дүйнөдө болуп жаткан террорго каршыбыз»,- деди. Аббас БУУнун  санкция күчүн да сынга алып : «Палестина маселесине байланыштуу БУУнан ушу кезге чейин 705 чечим чыкты. Муну менен бирге 86 чечим да Коопсуздук Кеңешинен, булардын бирөөсү да ишке ашкан жок»,- деди.

Аббас бардык мусулмандарды Иерусалимди зыярт кылууга чакырды. Аббас октябрь айында түзүлгөн Палестина макулдашуу келишимине байланыштуу «Газа болбостон Палестина мамлекети болбойт, Газада да мамлекет болбойт»,- деди.

Аббас «Иерусалим 2018  ислам дүйнөсүнүн жаштык борбор шаары»  иш чарасынын негизинде Ислам Кызматташтык Уюмунун жаштарынын диалог жана кызматташтык форумунун төрагасы Элшад Искендеровду «Иерусалим жылдызы» медалы менен сыйлады.



Тектеш кабарлар