Президент Эрдоган менен премьер - министр Бинали Йылдырым "Зайтун бутагы" тууралуу маалымат беришти

Президент Эрдоган Стамбулда Касымпаша туннелинин ачылуу аземинде сүйлөгөн сөзүндө Евфрат калканы кыймылында 3 миң ДЕАШ террористтин өлтүрүлгөндүгүн эске салды.

898282
Президент Эрдоган менен премьер - министр Бинали Йылдырым "Зайтун бутагы" тууралуу маалымат беришти
basbakan yildirim.jpg

Президент Р. Т. Эрдоган Сириядагы террордук уюмдардын жетекчиси Кандил экендигин дүйнөнүн баары билсе да муну бир гана союздашынын кабыл албагандыгын айтты.

Президент, Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын лидери Эрдоган Стамбулда Касымпаша туннелинин ачылуу аземинде сүйлөгөн сөзүндө Евфрат калканы кыймылында 3 миң ДЕАШ террористтин өлтүрүлгөндүгүн эске салып : «Сирияда согуша турган ДЕАШ террористти калган жок. Бирок бул шылтоо менен өлкөгө азыр да курал чогултуу улантылууда. Сириядагы  террордук уюмдун жетекчиси Кандил экендигин дүйнөнүн баары билсе да муну бир гана союздашыбыз кабыл албай жатат. Бул чындыктар тануу менен жок болбойт»,- деди.

«Чек аранын ары жагынан жерибизге ракета менен бомба менен жүздөгөн, миңдеген кол салуу болуп жатса, кол салуунун айынан жарандарыбыз мечиттерде, үйлөрүндө, иш жерлеринде каза болуп, жараланып жатса биздин эмне кылуубузду күтүп жатышат?»,- деп сураган Эрдоган «Зайтун бутагы» операциясында 8 күндүн ичинде 394 террористтин таасирсиз абалга алып келингендигин белгиледи.

Эрдоган түрк аскери жана Эркин Сирия Армиясынын 16 аскерин жоготкондугун белгиледи. Эрдоган : «Бизге достук колун узатканга биз кучагыбызды ачабыз. Бизден жардам сураган менен биз наныбызды бөлүшөбүз. Бирок бизге кол салган, ырааттуулугубузга, келечегибизге  кол салгандарды аябайбыз. Бул террордук уюмдун аты кааласа ФЕТӨ болсун, ДЕАШ, ПКК, ПЙД, ЙПГ болсун, башка бир ат менен алдыбызга чыкса чыксын эч айырмасы жок. Алланын уруксаты менен баарын жок кылабыз»,- деди.

Премьер  - министр Бинали Йылдырым да бул күндөрдө Түркиянын түштүк жактарынан кээ бир кол салууларга дуушар болуп жаткандыгын ушул себептен түрк куралдуу күчтөрүнүн  элине балээ болгон, коопсуздугуна кол салган бандиттерге ылайык болгон сабакты  берүү үчүн Сириянын Африн аймагында экендигин айтты.

Афринде террорду жок кылганга чейин бул операциялардын улантыларын баса белгилеген Йылдырым : «Ким эмне десе десин, чек араларыбыздын, элибиздин коопсуздугу толугу менен түзүлгөнгө чейин бул операциялар улантылат. Эч качан түштүк жактарыбызда террор муунунун пайда болушуна уруксат бербейбиз»,- деди.



Тектеш кабарлар