Трамптын Ирандагы митингдер тууралуу билдирүүсү

Дональд Трамп Иран башкаруусунун өзүн түшүндүрүү укугу да болуу менен өз калкынын укуктарына сый көрсөтүшү керектигин белгиледи.

878660
Трамптын Ирандагы митингдер тууралуу билдирүүсү

АКШнын  президенти Дональд Трамп Иран башкаруусунун өзүн түшүндүрүү укугу да болуу менен өз калкынын укуктарына сый көрсөтүшү керектигин белгиледи.

Дональд Трамп твиттерден Иранда улантылып жаткан митингдерге байланыштуу маалымат берди. Трамп маалыматында : «Режимдин коррупциясынан жана өлкөнүн байлыгын өлкө тышында терроризмге жумшоодон тажаган Иран жарандарынын тынчтык митингдери тууралуу маалымат келип жатат. Иран башкаруусу өзүнүн укугу менен бирге элинин укугуна да сый көрсөтүшү керек. Дүйнө бул процессти иликтеп жатат»,- деди.

Дональд Трамптын билдирүүсүнөн кийин Ак үйдүн катчысы Сарах Сандерс Трамп айткан сөздөр менен Ирандагы митингдер тууралуу АКШнын көз карашын ортого салды.

АКШнын тышкы иштер министрлигинин катчысы Хизер Науэрт болсо Ирандагы башкарууга каршы митингдерди жакындан иликтешкендерин билдирип, окуялардагы камоого алууларды айыпташкандарын айткан болчу.

Ирандын Мешхед, Кашмер жана Кирманшах шаарларында режим жана президент Хасан Рухани башкаруусуна каршы митингдер өткөрүлүүдө. Турмуштун кымбатчылыгына карата өткөрүлгөн митингдердин Ирандын башка шаарларына да жайылгандыгы белгиленүүдө.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар