Путин КМШ лидерлери менен жолукту

Москвада КМШ өлкөлөрүнүн расмий эмес жыйыны өттү

876529
Путин КМШ лидерлери менен жолукту

Орусиянын президенти Владимир Путин, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) кирген өлкөлөрдүн ортосунда соода-сатык менен кызматташуунун артканын баса белгиледи.

Путин КМШга мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын Москвада өткөрүлгөн расмий эмес саммитиндеги билдирүүсүндө, мүчө өлкөлөрдүн социо-экономикалык өнүгүү, ырааттуулук жана коопсуздукту күчтөндүрүү сыяктуу маселелердин чечилүүсүнө карата аракеттерин уланта тургандарын белгиледи.

Путин: «Жаңы жылдын алдында, буга чейин пландаганыбыз сыяктуу расмий эмес чөйрөдө жолугушуп, КМШнын алкагындагы акыркы бир жылдын жалпы иштерин карап чыгып, келечекке карай пландарыбызды сүйлөшкөнүбүз жана дүйнөлүк күн тартипти талкуулай алганыбыз үчүн кубанычтамын»,-деди.

Акыркы бир жылдын ичинде өлкөлөрдүн ортосундагы бүтүндөшүүнү өнүктүрүүгө карай аракеттериндин артканын айткан орус лидер: «КМШ өлкөлөрү терроризм, уюшкан кылмыштуулук жана бангизат соодасына каршы күрөшүүдөгү кызматташууну арттырууда»,-деди.

Өлкөлөрдүн ортосундагы соода-сатыкта да чоң өсүү болгонуна көңүл бурган Путин: «9 айлык көрсөткүчтөргө караганда соода-сатыктын көлөмү төрттө бир катнашында өстү»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар