Трамптын жарыясы Израиль менен Палестинаны катуу кагылышууга түрттү

Чыгыш Иерусалим, Батыш Шериа жана Газада Израиль күчтөрү менен палестиналыктардын ортосунда болгон кагылышууларда жаракат алгандардын саны 231ге жетти.

865045
Трамптын жарыясы Израиль менен Палестинаны катуу кагылышууга түрттү

АКШнын президенти Дональд Трамптын Иерусалимди «Израилдин борбор шаары» деп таануу чечимине нааразылык көрсөтүлгөн Чыгыш Иерусалим, Батыш Шериа жана Газада Израиль күчтөрү менен палестиналыктардын ортосунда болгон кагылышууларда жаракат алгандардын саны 231ге жетти.

Палестинанын Кызыл Жарым Айынын жарыясына караганда басып алуу астындагы Чыгыш Иерусалимдин Селахаддин көчөсүндө 12, басып алуу астындагы Батыш Шериада нааразылык акцияларынын адрестери Раммаллах, Бейтуллах, Тулкерим жана Наблус шаарлары менен Израилдин курчоосу астындагы Газа чек араларында 219 палестиналыктын жараланганы белгиленди.

Израиль армиясынын жарыясында басып алуу астындагы Батыш Шериа жана Газа чек арасында баскынчы күчтөр менен палестиналыктардын арасында 20 жерде кагылышуу болгону айтылды.

Орто эсеп менен 600 палестиналыктын Батыш Шериадагы кагылышуу жерлеринде Израиль аскерлерине таш ыргытканы жана унаалардын дөңгөлөктқрүн өрттөгөндөрү белгиленген жарыяда, Газа чек арасындагы митингдерде болсо Израиль аскерлери менен 450 чакты палестиналыктын ортосунда кагылышуу болгону белгиленди.

Израиль полициясы тарабынан басып алуу астындагы Чыгыш Иерусалимдеги окуялар тууралуу маалымдоосунда 13 палестиналыктын камакка алынганын, 4 Израиль полициясынын жеңил жаракат алганын жарыяланды.



Тектеш кабарлар