Ким Чен Ын «алжыган чал» (Трамп) дүйнөлүк тынчтыкка бүлүк салууда экенин жарыялады

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын, Трамптын Иерусалим токтомуна каршы чыгып, «Израиль деген мамлекет бар бекен борбор шаары Иерусалим болсун?»-деди.

865231
Ким Чен Ын «алжыган чал» (Трамп) дүйнөлүк тынчтыкка бүлүк салууда экенин жарыялады

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын, «алжыган чал» деп үн каткан АКШнын президенти Дональд Трамптын Израилдеги АКШнын элчилигин Тель-Авивден Иерусалимге көчүрүү токтомун «тартынгыс» жана «орой» кыймыл деп мүнөздөдү.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын, Трамптын Иерусалим токтомуна каршы чыгып, «Израиль деген мамлекет бар бекен борбор шаары Иерусалим болсун?»-деди.

Франциянын AFP малымат агенттигинин билдиргенине караганда Түндүк Кореянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчыларынан бири да жарыясында АКШнын кыймылынын дүйнөлүк тынчтыкты жана глобалдык коопсуздукту кимдин коркунучкап салганын дагы бир жолу ачыкка чыгарганын белгилеп: «Мыйзамдуу укуктарына ээ болуш үчүн күрөшкөн Палестина жана араб калктарын колдойбуз жана колдошууда болобуз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар