Араб лигасы АКШга чакырык таштады

Араб лигасынын тышкы иштер министрлери Палестина жана Иорданиянын чакырыгы менен Египеттин борбор шаары Каирде "Иерусалим" тууралуу кезексиз жыйналыш өткөрдү.

865017
Араб лигасы  АКШга чакырык таштады

Араб лигасынын тышкы иштер министрлери АКШга Иерусалимди Израилдин борбор шаары катары таануу чечимин жоюу чакырыгын салды.

Араб лигасынын тышкы иштер министрлери Палестина жана Иорданиянын чакырыгы менен Египеттин борбор шаары Каирде "Иерусалим" тууралуу кезексиз жыйналыш өткөрдү.

Жыйналыштан кийин жарыяланган 16 беренелик жыйынтык билдирүүсүндө, «АКШнын президенти Дональд Трамп жарыялаган токтомдун күчү жок, эл аралык укуктун жана БУУнун токтомдорунун коркунучтуу түрдө бузулушу болуп саналат. Укуктук баш ийдирүүчүлүгү жок»,деген сереп салынды.

Билдирүүдө, Вашингтон бийлиги өзүн Израилди жактаган позицияга жайгаштырганын белгилеп, тынчтык процессиндеги арачылык ролунан өзүн арылтканы белгиленди жана Америка бийлигине токтомду жоюу чакырыгы салынды.

Араб лигасынын тышкы иштер министрлери, БУУнун коопсуздук кеңешине да чакырык салып, Вашингтондун бул кадамынын укукка жатпаганын аныктаган токтом чыгаруусу керектигин белгилеп кетти.

Тышкы иштер министрлери эл аралык жамаатка да борбор шаары Иерусалим болгон Палестина мамлекетин таануу чакырыгын салды.



Тектеш кабарлар