Израиль баскын астындагы Чыгыш Иерусалим көчөлөрүндө полиция санын арттырды

Израиль полициясынын кечээки кийлигишүүсүндө 108 палестиналык жараланды.

864383
Израиль баскын астындагы Чыгыш Иерусалим көчөлөрүндө полиция санын арттырды

Израиль баскын астындагы Чыгыш Иерусалим көчөлөрүндө полиция санын арттырды. Израил коопсуздук директорлугу баскын астындагы Чыгыш Иерусалим жана тегерегине кошумча полициялардын милдеттендирилгендигин, полициянын АКШнын президенти Дональ Трамптын Иерусалимди Израилдин борбор шаары катары кабыл алышына карата ыктымалдуу митингдерге кийлишигүүгө даяр экендигин билдирди.

Аль Аксага кирүү үчүн жаш чегинин алып келинбегендигин билдирген Коопсуздук директорлугунун катчысы  Микки Розенфельд : «Иерусалим менен Эски Шаар аймагында жана тегерегине кошумча полицияларды жайгаштырдык. Полиция мажбур боло турган болсо митингге чыккандарга каршылык көрсөтүү үчүн даяр»,- деди. Ошол эле учурда Израиль полициясынын кечээки кийлигишүүсүндө 108 палестиналык жараланды. Дональд Трамптын Иерусалимди  Израилдин борбор шаар катары кабыл алышына бүткүл дүйнө каршы чыгып, Батыш Шерианын түрдүү аймактарында да митингдер улантылууда.

Палестина Кызылайынан берилген маалыматта Израиль аскерлеринин көздөн жаш агызуучу газ, чыныгы жана пластикалык ок менен митингдерге кийлигишти, 108 палестиналыктын жаралангандыгы билдирилди.

Дамаск каалгасына барьерлерди куруу менен күбөлүк текшерүүсү менен өтүүгө уруксат берген Израиль полициясы менен ондогон палестиналык жаштардын арасында кээ кээде кагылышуу чыкты. Оркуяларда палестиналык 2 баланы камоого алган Израиль полициясы аттуу бөлүктөрдүн да жардамы менен Дамаск капкасындагы топторду таркатты.

 



Тектеш кабарлар