Аббастын Трампка каршы чыгуусу

Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас, АКШнын президенти Дональд Трамптын Иерусалим боюнча токтомун тааныбаганын жана АКШнын бул чечим менен бардык тынчтык аракеттерин балталап тынчтык сүйлөшүүлөрүндөгү ролун бүтүргөнүн жарыялады.

863255
Аббастын Трампка каршы чыгуусу

Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас, АКШнын президенти Дональд Трамптын Иерусалим боюнча токтомун тааныбаганын жана АКШнын бул чечим менен бардык тынчтык аракеттерин балталап, тынчтык сүйлөшүүлөрүндөгү ролун бүтүргөнүн белгиледи.

Аббас, басып алуу астындагы Батыш Шерианын Рамаллах шаарындагы Мамлекет башчылык сарайында өткөргөн маалымат жыйынында, «Бул планды четке кагабыз жана айыптайбыз. АКШнын бул кадамы, бүтүндөй тынчтык аракеттерин балталады жана тынчтык сүйлөшүүлөрүндө АКШнын ролун бүтүрүп койду. Бул токтом, АКШнын ошол эле учурда өткөн убакыт бою тынчтык процессин камсыздоо үчүн ойногон ролунан да баш тартканынын жарыясы. Бул токтом Израилди келишимдерди тааныбоо, эл аралык мыйзамдуулукка баш ийбөө, Палестинаны жөөттөрдүн журтуна айландыруу (Жөөттөрдүн отурукташуу жерлерин куруу иш-чараларын улантуу), басып алуу, жикчил апартеид жана этникалык тазалоо саясатын улантуу боюнча шыктандырууну максаттаган сыйлыктандыруу болуп саналат»,-деди.

Аббас: «АКШ бийлигинин Иерусалим тууралуу планын жарыялашынан кийин Палестина дообуз бүгүн жол айырымына кирди. АКШ бийлиги бул токтом менен эл аралык жана эки тараптуу бардык мыйзам жана келишимдерге каршы турууну тандады. Айрыкча, эл аралык жамааттын атайын токтолгон, абдан жакынкы убакта дүйнөдөгү мамлекеттердин жана эл аралык мекемелердин бардык каршы чыгууларын көрмөксөнгө салууну тандады»,-деп айтты.

Аббас, Палестинанын Боштондук уюмунун жакынкы убакта «шашылыш» коду менен чогула турганын белгилеп, «АКШнын президенти Трамптын түндөгү чечими, Иерусалимдин чындыгын алмаштыра албайт. Израилге да мыйзамдуулук бербейт. Иерусалим, араб, ислам жана христиан өздүгү менен Палестина мамлекетинин түбөлүктүү борбор шаары бойдон калат. Иерусалим кандайдыр бир өзгөртүү аракетине каршы туруштук берет»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар