Трамп мусулмандардын күрөө тамырын басууда...

АКШнын президенти Дональд Трамп, Министрлер кеңешинин жыйналышынан кийин Ак үйдө билдирүү жасады.

862852
Трамп мусулмандардын күрөө тамырын басууда...

АКШнын президенти Дональд Трамп, провокациялык Иерусалим чечимин жарыялады.

Трамп, Министрлер кеңешинин жыйналышынан кийин Ак үйдө жасаган билдирүүсүндө, Иерусалимди Израилдин борбор шаары деп тааныганын жарыялады.

Трамп, Израилдин борбор шаары Тель-Авивдеги Американын элчилигинин Иерусалимге көчүрүлүшү боюнча даярдыктар үчүн буйрук бергенин да жарыялады.

Өзүнөн мурдагы президенттердин ошондой эле багытта убадаларды бергенине карабастан муну орундатпагандары боюнча сындаган Трамп, Иерусалимдин 3 көк дининин дагы, демократиянын дагы жүрөгү экенин айтты.

Трамп, Ыйлоо дубалында жөөттөр, Акса мечитинде мусулмандар, чиркөөлөрүндө христиандар ибадат кылган бул ыйык шаардын учурда иш жүзүндө Израилдин бир топ башкаруучулук органына кожоюндук кылганын айтты.

Дональд Трамп бул чечимдин АКШнын Палестина менен Израилдин ортосундагы учурдагы маселелер тууралуу саясатында өзгөрүү түшүнүгүн бербегенин да айтып чыкты.

Эки мамлекеттүү чечим табуу темасында дагы деле Израиль менен Палестинанын ортосунда макулдашууга жетише турганы үмүтү үзүлбөгөнүн да белгилеген Трамп, провокациялык чечими менен каршы чыгуусун тарткан бүткүл дүйнөгө тынчтануу чакырыгын салууну да унуткан жок.


Этикеткалар: #АКШнын , #Трамп , #Иерусалим

Тектеш кабарлар