Харири өлкөсүнө кайтарын билдирди

Арызын берген Ливандын премьер  - министри Саад ел Харири өлкөсүнө кайта тургандыгын айтты.

846393
Харири өлкөсүнө кайтарын билдирди

Арызын берген Ливандын премьер  - министри Саад ел Харири өлкөсүнө кайта тургандыгын айтты. 4 -  ноябрда Сауд Аравиянын борбор шаары Риядда арызын бергендигин билдирген Харири Ливан каналы Футуре твга маалымат берди. Харири : «Менин алдыңкылыгым Ливандын улуттук кызыкчылыгы. Арыз берүүм өз каалоом менен болду»,- деди. «Менин максатым Ливанды коргоо»,- деген Харири : «Болгон абалдар Ливанга карата аймактык коркутуу»,- деди. Ушул кезге чейин эч үн чыгарбашынын себеби катары арызын бергендигин билдириши менен пайда болгон кысымды көрсөткөн Саад Харири өлкөсүнө кайтып, мыйзамдуу негиздерди орундатарын айтты. Харири Король Селмандын өзүн уулу катары көргөндүгүн жана мураскер принц Мухаммед бин Селмандын да  абдан жакшы мамиле кылгандыгын кошумчалады.

Ошол эле учурда Ливандын президенти Мишел Авн премьер  - министр Хариринин Сауд Аравиядан кайтышы үчүн жүргүзүлгөн кампаниянын жыйынтык бергендигин айтты. Авн Хариринин арызын кайра алышы тууралуу сөздөрүнө оң карагандыгын белгилеп, Ливандагы өкмөттүн саясий макулдашуу жолу менен бардык нерсени чече аларын айтты. 

 

 



Тектеш кабарлар