Пикассонун Франциядагы үйү сатылды
Пикассонун Франциядагы үйү 20, 2 миллион долларга сатылды.
Пикассонун Франциядагы үйү 20, 2 миллион долларга сатылды.
Пикассонун аукциондо сатылган үйүн жаңы зелландиялык ишкер Rayo Withanage алды. Grasse шаарындагы сотто өткөрүлгөн аукционго катышкан бир гана алуучу Rayo Withanagе болду. Rayo Withanagе июнь айындагы аукциондо да үйдү сатып алуу укугуна ээ болгон, бирок керектүү финансы болбогондуктан үй берилген эмес болчу.
Испанияда туулган сүрөтчү 1973 - жылы каза болгондон мурда акыркы 12 жылын ушул үйдө өткөргөн. Пикассо бул үйдө жашап жаткан кезде көптөгөн белгилүү киши менен жолугушкан. Пикассонун экинчи жубайы Jacqueline Roque 1986 - жылы бул үйдө жанын кыйган.Үч гектардык үйдүн 15 уктоочу бөлмөсү бар.
Тектеш кабарлар
Эверестке чыккан непалдык альпинист бир айдын ичинде экинчи жолу дүйнөлүк рекордду жаңылады
Ританын 8 миң 848 метрлик чокуга жергиликтүү убакыт боюнча саат 08:00дө жеткени айтылды.