АКШ Перс булуңу өлкөлөрү менен болгон машыгууларын токтотууда

Катар кризисинин башталышы боюнча Доха бийлигин күнөөлөгөн АКШ, арадан өткөн төрт айдан кийин бул ирет башкача кадам таштоодо.

821733
АКШ Перс булуңу өлкөлөрү менен болгон машыгууларын токтотууда

АКШ, Перс булуңу өлкөлөрү менен жүргүзгөн аскердик машыгууларды токтотуу чечимин чыгарды.

Катар кризисинин башталышы боюнча Доха бийлигин күнөөлөгөн АКШ, арадан өткөн төрт айдан кийин бул ирет башкача кадам таштоодо.

Американын «Associated Press» агенттигинин кабарына караганда  АКШ армиясы Перс булуңу өлкөлөрү менен болгон айрым аскердик машыгууларын токтотууда.

АКШ бийлигинин аты аталган токтомунун Москвага барган алгачкы Сауд Арабия королу болгон Салмандын Путин менен жолугушуусунан кийин эки өлкөнүн С-400 абадан коргонуу системасын алуу темасында макулдашканынын басма сөзгө чагылышынан кийин жарыяланышы көңүлдөрдү бурду.

АКШнын президенти Дональд Трамп, 5-июнда башталган Катар кризисинде стартты өзүнүн бергенин Твиттер билдирүүсү менен бөлүшкөн.

Катар, аты аталган күндөн бери Сауд Арабия баштаган коңшулары тарабынан изоляцияланган абалда. Кургактык жана деңиз чек аралары жабылган өлкөгө эң чоң колдоо Түркия жана Ирандан келген.



Тектеш кабарлар