Трамп менен Салман жолугушат

Эки өлкөнүн ортосунда жалпы 380 миллиард долларлык курал-жарак келишимине кол коюлган болчу

802599
Трамп менен Салман жолугушат

АКШнын президенти Дональд Трамп менен телефондо сүйлөшкөн Сауд Арабиянын королу Салман бин Абдулазиз, жаңы жылдан кийин Вашингтонго сапар жасайт.

Ак үй Дональд Трамп менен король Салмандын жолугушуусу туурасында жазуу түрүндө маалымат берди.

«Эки лидер Жакынкы Чыгышта коопсуздук жана ырааттуулуктун арттырылуусу менен катар кызматташууну өнүктүрүүнүн жолдорун талкуулашты» деген сөздөргө орун берилген билдирүүдө, король Салмандын 2018-жылдын биринчи айларында Ак үйгө барып Трамп менен жолугуша турганы маалымдалды.

Буга чейин бир канча жолу телефон сүйлөшүүсүн өткөргөн эки лидер өткөн май айында Сауд Арабиянын борбору Риядда жолугушуп, сапардын алкагында эки өлкөнүн ортосунда жалпы 380 миллиард долларлык курал-жарак келишимине кол коюлган болчу.



Тектеш кабарлар