Трамптын телефон аркылуу сүйлөшүүлөрү

Дональд Трамп Германиянын канцлери Ангела Меркель жана Италиянын премьер  - министри Паоло Гентилони менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

764089
Трамптын телефон аркылуу сүйлөшүүлөрү

Германиянын Гамбург шаарында 7 – 8 -  июлда өткөрүлө турган чоң жыйырмалар саммитинен мурда АКШнын президенти Дональд Трамп Германиянын канцлери Ангела Меркель жана Италиянын премьер  - министри Паоло Гентилони менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

Ак үй Трамптын немис жана Италиянын премьер – министрлери менен өткөргөн телефон аркылуу сүйлөшүүсүнө байланыштуу маалымат берди. Маалыматта Трамптын чоң жыйырмалар саммитин өткөрө турган Меркелге саммиттин ийгиликтүү өтүшүнө жардамчы болорун айткандыгы билдирилди.  Өзгөчө эки лидердин климаттык алмашуу, соода карым – катнаштары жана аял демилегчилиги сыяктуу темаларда пикир алышкандары билдирилди.

Трамптын Гентилони менен сүйлөшүүсүндө да чоң жыйырмалар саммити тууралуу темалар күн тартибине келип, Италиянын премьер – министрине «ливиялык качкындар кризисине» чечүүчү жол табуу аракетине колдоо көрсөткөндүгү белгиленди.



Тектеш кабарлар