Сауд Аравия мураскер принцин алмаштырды

Сауд Аравияда мураскер принц Мухаммед бин Найифтин ордуна Король Салмандын уулу экинчи мураскер принц Мухаммед бин Салман келди.

757125
Сауд Аравия мураскер принцин алмаштырды

Сауд Аравияда мураскер принц Мухаммед бин Найифтин ордуна Король Салмандын уулу экинчи мураскер принц Мухаммед бин Салман келди.

Сауд Аравиянын расмий кабар агенттиги СПАда жарыяланган королдук кеңешинин жарлыгына караганда биринчи мураскер премьер – министр жана ички иштер министри Мухаммед бин Найиф бардык кызматтарынан бошотулду.

Коргоо министри Мухаммед бин Салман биринчи мураскер жана премьер – министр болду. Салмандын коргоо министрлиги кызматы да  улантылат. Жарлык менен Сауд Аравия королунун шайлануусун күткөн конституциянын 50 – беренесинде өзгөртүү киргизилди. Ушуга караганда : «Король куруучу лидер Абдулазиз бин Аблуррахман бин Сууддун уулдарынын арасынан шайланат»,- деген өкүм : «Өлкөнү башкара турган киши куруучу лидер Абдулазиз бин Абдуррахман бин Сууддун уулдары жана неберелеринин арасынан шайланат»,- деп өзгөртүлдү.

Бендер бин Файсал бин Бендер бин Абдулазиз чалгындоо кеңешчисинин орун басары болуп дайындалды. Эмир Файсал бин Саттам бин Абдулазиз Ал Сууд Италиянын элчиси Эмир Халид бин Бендер бин Султан бин Абдулазиз болсо Германиянын элчиси болду.

Ички иштер минисрлигинде да алмашуулар болду. Ички иштер министри катары Эмир Абдулазиз бин Сууд бин Найиф дайындалды.

 

 



Тектеш кабарлар