Иранда президенттик шайлоонун талапкерлери билдирилди

Махмуд Ахмединежаддын талапкерлиги четке кагылды

717866
Иранда президенттик шайлоонун талапкерлери билдирилди

Алты талапкер жарыша турган шайлоодо мурунку президент Махмуд Ахмединежаддын талапкерлиги четке кагылды. Иран шайлоо кеңеши президенттик шайлоого катыша турган талапкерлерди билдирди. Маалыматка караганда 1600 киши кайрылган шайлоодо азыркы президент Хасан Рухани кайрадан талапкер...

Руханинин биринчи орун басары Исхак Жихангири, Хашими Рафсанжани жана Мухаммед Хатеминин мезгилинде вице  - президенттик милдетин аткарган Мустафа Хашими Теба, Тегеран мэри Мухаммед Бакыр Галибаф, Мешхед шаарындагы имам Рыза күмбөзү жана комплекси фондунун төрагасы Ибрахим Реис менен диний лидер Айетуллах Али Хаманейге президенттик мезгилинде кеңешчи кызматын аткарган Ислам коалициясы партиясынын Борбордук кеңешинин төрагасы Мустафа Мирселим болсо башка талапкер катары билдирилди. Ушундайча Хаманейдин нааразычылык билдиргенине карабастан кайрылууда болгон мурунку президент Махмуд Ахмединежаддын талапкерлиги четке кагылган болду. Реформачылар жактаган Руханинин шайлоодон жеңиш менен чыгары болжолдолууда.  

 



Тектеш кабарлар