Англия ханышасы Элизабет II расмий твиттер баракчасына жетекчи издеп жатат...
Ханышанын расмий веб баракчасы аркылуу жумуш оруну боюнча жарыя берилди
Бакингем сарайы, ханыша Элизабет IIнин 2 миллион 77 миң байкоочуга жеткен Твиттер баракчасын башкаруу үчүн жылдык 30 миң фунт стерлинг айлык акы менен жетекчи издеп жатат.
Ханышанын расмий веб баракчасы аркылуу жарыяланган жумуш оруну боюнча жарыяда, ылдам жана динамикалуу топ менен иштешүү үчүн санариптик байланыш адиси изделип жатканы билдирилди.
Жарыядагы бул жумуштун толук баяндамасында, ханышанын твиттер баракчасы менен катар Youtube жана Facebook баракчаларынын жетекчилиги да орун алууда.
Анда жылына 30 миң фунт стерлинг айлык акы менен катар 15 пайыз үлүштүк пенсия планы жана жеке билим алууларын да камтыган ар тараптуу кошумча пайда пакети убада кылынууда.
Жарыяга караганда талапкерлердин университетти бүтүргөн, келечекке карай көз караштуу, веб сайт жөнүндө тажрыйбалуу, жаратуучу болушу жана фотосүрөт менен видео тармагын да мыкты билиши күтүлүүдө.
Тектеш кабарлар
Бангладеште чагылгандын кесепетинен каза болгондор
Жетекчилер чагылгандын кесепетинен апрель айында 31, май айында 43 адамдын каза тапканын жарыялашты.
Евровидениеде Израилге реакциялар
Израилдик ырчы Эден Голан 11-майда "Евровидение" сынагынын жарым финалында ат салышат.