Урмийе көлүнүн кургашы

Көлдүн туздуу тоз борошосунун адамдар жана башка  жандуулардын ден соолугуна коркунуч туудурууда

646053
Урмийе көлүнүн кургашы

Ирандагы Умрийе көлүнүн кургоосу аймакта жашаган кишилердин саламаттыгына коркунуч туудурууда. Иран тарабынан түзүлгөн Урмийе көлүн жандандыруу комитетинин мүчөсү доктор Масуд Тажриши кургап бара жаткан бул көлдүн туздуу тоз борошосунун адамдар жана башка  жандуулардын ден соолугуна коркунуч туудурууда  деп аныктады.

ИЛХА кабар агенттигинин кабарына караганда доктор Масуд Тажриши Шериф техникалык университеттин мугалими катары аймакта жасалган иликтөөлөрдүн жыйынтыктарына таянып буларды айтты: «Иран Азербайжан аймагында 3 айылдан 88 баланын саламаттыгы иликтенди. Бул балдардын көпчүлүгүнөн боор оорулары кездешти».

Доктор Тажриши айрыкча Арал деңизи жана Урмийе көлүнүн туз катнаштарын салыштыруу менен буларды айтты : «Иликтөөлөр Арал деңизинин тегерегинде жашаган бир топ кишиде түрдүү кан, көз, тери, дем алуу жана сиңдирүү системаларындагы оорулар менен өзгөчө рак оорулары көрүнүүдө. Арал деңизинде ар бир 1 метр кубда 10 грамм туз бар. Урму көлүндө ар бир 1 метр кубда 350 грамм туз бар».

1990 – жылдардын акырында Түндүк Батыш Иранда Азербайжан аймагындагы Урмийе көлү Люксембургдан эки эсе чоң жана Жакынкы Чыгыштын эң туздуу көлү болгон. Ал күндөн бери чоң катнашта кичирейди жана азыркы учурда 90 пайыздык катнашта кургап калган.

Урмийе көлү фламинголор, пеликандар, өрдөк – каздар балапандары менен байырлаган жер болгон. Бул көлдүн кургап калышы өзгөчө майда чаян Артемианын жер жүзүндөгү эң чоң табигый турмуш аянтын жок кылып, жергиликтүү азык – түлүк желесин тарайтууда.

Адамдардагы таасири дагы да баш – аламан. Урмийе көлүнүн кургашынан кийин аймакта туризм сектору жок болду, жер астындагы суулардын тузу көбөйүп жана мөмө берүүчү дарактар куурап калууда.  Айрыкча пайда болгон туздуу борошолордоун айынан тегеректеги дыйканчылык аянттарынын түшүмдүүлүгү төмөндөп, бир топ дыйкан аймактан чыгууга мажбур болду.

 



Тектеш кабарлар